Эдил Байсалов ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы жаңы өкүлүн кабыл алды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы жаңы өкүлү Самман Жунг Тапаны кабыл алды.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, Байсалов аны ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнө дайындалышы менен куттуктап, кызматында мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Ал Кыргызстан ЮНИСЕФтин социалдык саясат жаатындагы долбоорлорду жана программаларды ишке ашырууга, балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого багытталган ишмердүүлүгүн жогору баалай турганын белгиледи. Ошондой эле Байсалов ЮНИСЕФке Ирак жана Сириядагы согуштук аймактардан балдарды кайтарууга көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал балдар менен иштеген социалдык кызматкерлердин, анын ичинде турмуштук оор кырдаалга туш болгондор, эмгек мигранттарынын балдары, ата-энесинин камкордугусуз жана майыптар менен иштеген социалдык кызматкерлердин потенциалын жогорулатууда, ошондой эле репатриацияланган балдарды реабилитациялоодо уюмдун колдоо жана көмөк көрсөтүүсүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулап, мындан ары натыйжалуу өз ара аракеттенүүнүн жана балдардын жашоо деңгээлин жогорулатуу боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.

ЮНИСЕФтин өкүлү Самман Жунг Тапа балдарды коргоо жана колдоо боюнча мындан ары да иштешүүгө даяр экендигин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан