Ошто түн ичинде көчөдөн жарандык никедеги аялын сабаган эркек үч суткага камакка алынды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 14-майда Ош облустук сотунан билдирди.
Маалыматка ылайык, иш 13-майда Ош шаардык сотунда каралган. Анда сот Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 70-беренеси (Үй-бүлөлүк зомбулук) боюнча кармалган У.Р.ны күнөөлүү деп таап, аны үч суткага камакка алган.
Кечээ Ош шаардык милициясы кармалган жаран Ноокат районунун 2001-жылы туулган тургун экендигин, ага карата жарандык никедеги жабыр тарткан аялы арыз жазуудан баш тартканын билдирген.
Бирок ага карабай милиция коомчулукка тараган видеонун негизинде аны камакка алып, ишти сотко жөнөткөн.
Ошондой эле жабырлануучу келин аны күйөөсү сабап жаткан учур тартылып калган видеону коомчулукка таратып ийгендерге чара көрүүнү өтүнгөнү маалым болгон.
Эске салсак, 12-майда социалдык тармактарда бир эркек адамдын аял кишиге карата зомбулук көрсөтүп жаткан видеосу тараган.