Бүгүн, 14-май туулган күн тоскондордун катарында Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Юлия Руцкая дагы бар. Ал 1981-жылы Белоруссиянын Витебск шаарында төрөлүп, беш жашынан тартып Бишкекте өскөн. Атасы Советтер Союзу маалында Кыргызстандын жеңил өнөр жай министри болуп иштеген. Кийин ал Белоруссиянын Кыргызстандагы элчиси болуп дайындалган. Учурда атасы жеке ишкер, ал эми апасы музыка тармагына жакын адам. Ырчы үй-бүлөдө эки бир тууган, эжеси бар.
Руцкая Пётр Шубин атындагы окуу жайдын фортепиано бөлүмүн артыкчылык диплому менен бүтүргөн. Ошондой эле БААУнун саясат таануу бөлүмүн аяктаган. Андан кийин Калый Молдобасанов атындагы Улуттук консерваториянын эстрадалык бөлүмүн кызыл диплом менен бүтүргөн. Ырчылыктан сырткары алып баруучу болуп бир нече телеканалдардын таңкы берүүсүн алып барган.
Ырчы айым англис, орус, испан, түрк, итальян жана кыргыз тилдеринде сүйлөй алат. Кыргыз тилин толук түшүнөрүн, бирок сүйлөбөй турганын айтып келет. "Айланамдагылар мен жөнүндө эмне кеп кылып жатышканын ушунчалык түшүнгүм келчү. Ошондуктан бат эле үйрөнүп алдым. Азыр кыргызча толук түшүнөм, бирок сүйлөбөйм. Себеби, кыргызчаны акцент менен сүйлөсөм, аны угуп мени шылдыңдашканын каалабайм. Азыркыга чейин акцентимди жок кылуу үчүн кыргыз тилден сабак алып келем", - деп айтат ал.
Белгилей кетсек, ырчы айым бул жылы 43 жашка толду. Ал туулган күнүндө жакындарына ыраазычылык билдирип, пост калтырган.
"Жашоомдун жаңы этабына кирип бара жатам. Баары үчүн Кудайга ыраазычылык билдирем. Ата-энеме, жакындарыма, досторума, чыгармачылыктагы күйөрмандарыма бүгүнкү күнгө чейин болгон бардык нерселер үчүн ыраазымын. Алдыда мени мындан дагы мыкты нерселер күтүп турсун", - деп жазган ал.