Биз социалдык тармакта

Бишкекте капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу бир нече көчө жабылат  

Бишкекте 18-майдан тартып капиталдык оңдоо жумуштарына байланыштуу бир нече көчөлөр жабылат. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Ага ылайык, жабыла турган көчөлөр төмөнкүлөр:

- Байтик баатыр көчөсү А.Токомбаев көчөсүнөн Сүйөркулов көчөсүнө чейин;

- И. Ахунбаев көчөсү Манас проспектисинен Токтоналиев көчөсүнө чейин.

Тактап айтканда, Байтик баатыр көчөсү А.Токомбаев көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейин, ал эми Ахунбаев көчөсү Манас проспектисинен тартып Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейин бир нече этап менен капиталдык оңдоодон өтөт.

"Капиталдык оңдоонун алкагында жолдун асфальт катмары, бордюрлар жаңыртылып, айрым тилкелер кеңейтилет. Жолдун үстүнкү катмарына майдаланган таш мастик асфальт төшөлөт", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, быйыл мындан башка дагы төрт көчөдө капиталдык оңдоо жүрөт:

- Чүй проспектиси Манас проспектисинен Т. Айтматов көчөсүнө чейин;
- М. Горький көчөсү Манас проспектисинен 7-апрель көчөсүнө чейин;
- Б. Юнусалиев көчөсү Сухе-Батор көчөсүнөн М. Горький көчөсүнө чейин;
- Жибек Жолу проспектисинин Курманжан датка көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү капиталдык оңдоодон өтөт жана кеңейтилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан