
Ош шаарындагы кесиптер жарманкесине 2 миңден ашык бош орун сунушталды. Бул тууралуу Эмгек министрлиги бүгүн, 14-майда кабарлап, иш-чарага 1 500дөн ашык адам катышканын билдирди.
Анда ишке орноштурууга көмөктөшүү, кесиптик даярдоо боюнча консультациялар, иш берүүчүлөр менен алгачкы маектешүүлөр жана ар кандай темадагы мастер-класстар уюштурулду.
Ошондой эле жарманкеде ийгиликтүү адамдар өз тажрыйбалары менен бөлүштү.
Иш-чара шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы тарабынан Миграция ресурстук борборунун колдоосу жана JIA Бизнес ассоциациясы менен биргеликте уюштурулду.