Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда турак үй өрттөнүп, бир адам каза тапты. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү Нурлан Ташманбетов бүгүн, 23-декабрда билдирди.
Маалыматка караганда, турак үйдүн 20 чарчы метр шифери, бөлмөнүн ички шыбы күйгөн. Анын кесепетинен 1958-жылы туулган үй ээси каза тапкан. Тилсиз жоо электр жабдууларын туура эмес пайдалануудан келип чыккан. Бул өрт кырсыгы үстүбүздөгү жылдын 21-декабрь күнү саат 23:46лар чамасында катталган.