Жамалбек Ырсалиев Бишкек шаарынын мэринин орун басары болуп дайындалды.
Калаа мэриясынан билдиргендей, тиешелүү буйрукка мэр Айбек Жунушалиев 13-майда кол койгон.
Белгилей кетсек, буга чейин Ырсалиев "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасынын директору болуп иштеген.