Харьков облусунун түндүгүндө айыгышкан салгылашуулар уланууда

Украинанын Харьков облусунун түндүгүндө айыгышкан салгылашуулар уланууда. Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы орус аскерлеринин Волчансктан сүрүлүп чыгарылганын жана кагылышуулардын саны өскөнүн жарыялады.

"Биздин бөлүкчөлөр душманды талкалап, артка сүрүп, Волчансктын түндүк четинде тазалоо иштерин жүргүзүп жатат", - деп айтылат Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн жетекчилигинин билдирүүсүндө.

Ошондой эле Старица айылынын айланасында салгылашуулар башталганы кабарланууда.

Башкы штаб орус аскерлеринин жоготуулары “106 адам, 25 бирдик курал-жарак жана аскердик техниканы” түзгөнүн белгиледи.

Украинанын Куралдуу күчтөрү ошондой эле Харьков багытындагы аскерий кагылышуулардын саны 12ге жеткенин тактоодо. Лиманский, Краматорск, Северский жана Покровский багыттарында да аскердик кагылышуулардын саны өсүүдө.

Дүйшөмбү күнү Украинанын Куралдуу күчтөрү тарабында согушуп жаткан “Орус ыктыярдуу корпусунун” (РДК) өкүлдөрү орус аскерлери Харьков облусунун түндүгүндөгү Волчанск шаарына басып киргенин жарыялашты. Алар аталган түзүм шаардын түндүк-батыш тарабында согушуп жатканын белгилешти.

Акыркы эки жумада орус аскерлери 9 калктуу пунктту басып алышты. Бул чабуул аракеттери Орусиянын өзүнүн чек ара аймактарын Украинанын Куралдуу Күчтөрүнүн аткылоосунан коргоо үчүн жарыяланган “санитардык зонаны” түзүү планынын бир бөлүгү болушу мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан