«Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасы бир жылдык гүлдөрдү отургузууну улантууда. Көп жылдык гүлдөр тез өсүшүнө байланыштуу алар кооздук үчүн колдонулат.
Мэриянын маалыматына караганда, тагеталар, агератумдар, сальвиялар жана жөнөкөй цинниялар шаардык гүлзарларга олтургузулат. Бул жылы клумбанын дизайны толугу менен жаңыланат. Бир жылдык гүлдөрдүн 30дан ашык түрлөрү болот.
Азыр "Бишкек жашыл курулуштун" жумушчулары жоогазындын баштарын чогултуп, алардын ордуна бир жылдык гүлдөрдү отургузууда. Жашылдандыруу иштери ар бир райондо улантылууда.