Индиянын Мумбай шаарында жамгыр менен коштолгон катуу кум бороонунан улам май куюучу жайга жарнак тактасы кулап, 14 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазууда.
Маалыматтарга караганда, кырсыктын кесепетинен жабыркагандардын саны 70 адамга жеткен. Кулаган жарнама тактасынын алдында дагы адамдар болушу мүмкүн экени айтылууда.
Ал эми Индия бийлиги окуя болгон жерде куткаруу иштери жүрүп жатканын билдирген.
Кечээ, 13-майда Мумбайда жамгыр менен коштолгон катуу шамал метро менен поезддердин каттамдарын үзгүлтүккө учураткан. Мындай аба ырайынын туруксуздугунан Мумбай эл аралык аэропорту дагы ишин токтоткон.