Килиан Мбаппе клубдан кетер алдында ПСЖ клубунун президенти менен жаңжалдашты

Франциянын "Пари Сен-Жермен" клубунун чабуулчусу Килиан Мбаппе менен клубдун президенти Насер Аль-Хелайфинин ортосунда жаңжал чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Окуя жекшемби күнү "Парк де Пренс" стадионунда Франция чемпиондугунун 33-турудук оюнундагы "Тулуза" командасына каршы беттештин алдында болгон. Анда клубдун жетекчиси Мбаппеден коштошуу видеосунда ыраазычылык билдирбегени үчүн түшүндүрмө берүүнү талап кылган. Сөздөн сөз чыгып отуруп ал жакалашууга чейин жеткен.

Мбаппенин кийинки клубу "Реал Мадрид" болору күтүлүүдө.

25 жаштагы Мбаппе 2017/18 сезонунан бери париждик клубда ойноп келет, ошондон бери ал команданын тарыхында эң мыкты бомбардир болуду. Ал бардык мелдештерде 306 беттеште 255 гол киргизген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан