"Унаадан дагы кымбат". Дубайда уникалдуу номерлүү Rolls-Royce унаасы байкалды

Дубай шаарындагы унаа жолдордун биринде уникалдуу "1" унаа номуру байкалды. Мындай маалымат социалдык тармактарга тарады.

Эксклюзивдүү номурду эмираттык ишкер 2018-жылы 31 миллион дирхамга (8,45 миллион доллар) сатып алган. Ошондон бери бул унаа номуру БАЭнин жолдорунда дээрлик көрүнө элек болчу. Эми болсо номур Дубайда ак Rolls-Royce унаасында байкалды.

Автоунаанын баасы дээрлик 500 миң доллар.

Быйыл дүйнөдөгү эң кымбат унаа номуру Дубайдагы аукциондо сатылды. "7" деген цифралуу белгини анонимдүү сатып алуучу сатып алган, ал унаа номуру үчүн 15 миллион долларга жакын акча төлөгөн.

Буга чейинки рекорд араб бизнесмени Саид Абдул Гаффар Хуриге таандык, ал 2008-жылы мамлекеттик номур үчүн 14 миллион доллар төлөгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан