Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Италия мамлекетинин Тышкы иштер министринин орун басары, парламентинин төмөнкү палатасынын депутаты Эдмондо Чириелли жетектеп келген делегацияны кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Билдиргендей, тараптар саясий диалогду бекемдөөгө, анын ичинде жогорку деңгээлдеги байланыштарды уюштурууга, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты арттырууга басым жасоо менен эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашкан.
Жолугушуунун жүрүшүндө Касымалиев италиялык делегациянын башчысына элдин жыргалчылыгын жакшыртуу, өнөр жайды жана экономиканы өнүктүрүүнүн жаңы механизмдерин киргизүү жана өлкөгө алдыңкы технологияларды тартуу боюнча өлкө президенти жана Министрлер кабинети тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берген.
Ошондой эле ал өлкөдөгү жеңил өнөр жайдын потенциалын өзгөчө белгилеп, италиялык бренд компанияларды Кыргызстанга киргизүүгө кызыктар экенин айткан.
Мындан тышкары Адылбек Касымалиев өлкөнүн тоо-металлургиялык потенциалына кеңири токтолуп, италиялык тарапты 2024-жылдын 19-20-июнунда Бишкек шаарында өтө турган "MINEX Борбор Азия" тоо-геологиялык форумуна катышууга чакыркан.
Өз кезегинде Эдмондо Чириелли Кыргызстанга болгон жумуш сапары кыргыз-италиялык мамилелерди активдештирүү үчүн жакшы негиз болоруна ишенимин билдирип, эки өлкөнүн ортосундагы кызыкчылык туудурган бир катар маселелер боюнча өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө кызыкдар экенин кошумчалаган.