Бүгүн, 14-майда Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев калыбына келтирүү жана спорттук медицина борборуна барып, жаңы санарип рентген-флюорографиялык аппаратын тапшырды. Бул туурасында мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чарага грек-рим күрөшү боюнча Азиянын үч жолку чемпиону Жоламан Шаршенбеков, спортчулар, дарыгерлер жана машыктыруучулар катышты.
“Бул кадам кыргыз өкмөтүнүн спортчуларды заманбап медициналык жабдуулар менен камсыз кылуу, алардын ден соолугун жана кесиптик жетишкендиктерин колдоого умтулуусун чагылдырат”, - деп белгилеген Шаршенбеков.