11-май күнү Түркиянын Стамбул шаарында Париж-2024 Жайкы Олимпиада оюндарына акыркы дүйнөлүк лицензиялык турнир болуп өттү.
Анда Жайкы Олимпиада оюндарына 77 килограмм салмакта акыркы үч жолдомону болгариялык Айк Мнацканян менен венгриялык Золтан Леваи жана орусиялык Сергей Кутузов жеңип алды. Муну менен 77 килограмм салмакта Олимпиада оюндарына катыша турчу бардык балбандардын тизмеси аныкталды.
Алар: 1. Акжол Махмудов (Кыргызстан);
2. Санан Сулейманов (Азербайжан);
3. Малхас Амоян (Армения);
3. Нао Кусака (Япония);
5. Арам Варданян (Өзбекстан);
6. Демеу Жадраев (Казакстан);
7. Амин Явар Кавиянинежад (Иран);
8. Бурхан Акбудак (Түркия);
9. Жонни Сарккинен (Финляндия);
10. Сергей Кутузов (Орусия);
11. Золтан Леваи (Венгрия);
12. Айк Мнацаканян (Болгария);
13. Йосванис Пенья (Куба);
14. Йаир Куэро (Куба);
15. Абделькрим Уакали (Алжир).
16. Махмуд Абдельрахман (Египет).
Акжол Махмудов Париж Олимпиадасына өз салмак категориясында №1 балбан болуп барат.