Биз социалдык тармакта

Ошто биринчи эл аралык туристтик жарманкенин ачылышы болду

Бүгүн, 14-майда С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драм театрында туристтик жайкы сезондун ачылышына карата "Салам, Ош – 2024" I эл аралык туристтик жарманкеси өттү. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, жарманке 16-майга чейин уланат.

Ага ылайык, иш-чарага жалпысынан туризм тармагында кызмат көрсөткөн 60тан ашык уюм жана мекемелер, анын ичинде Түркмөнстан, Өзбекстан, Кытай жана Орусиядан келген 40тан ашык ишкер катышып, жайкы туристтик мезгилге болгон даярдыктарын жарыялашты.

"Ошондой эле коноктор үчүн Кыргызстандын туризм дарамети жөнүндө видео-баяндамалар жасалып, Ош шаарынын тарыхый жана туристтик жерлерине экскурсия уюштурулду",-деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан