Садыр Жапаров жаңы эле дайындалган Игорь Чудиновду кызматтан алып, министрге эскертүү берди

Мурдагы премьер-министр Игорь Чудиновду “Курулуп жаткан электр станциялар” дирекциясынын башкы директору кызматына дайындоо тууралуу буйрук жокко чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

"Президент Садыр Жапаров Конституциянын 89-беренесинин 3-пунктуна ылайык, энергетика министри Таалайбек Ибраевдин Игорь Чудиновду “Курулуп жаткан электр станциялар” ААК дирекциясынын башкы директору кызматына дайындоо тууралуу буйругун жокко чыгарды.

Ошону менен бирге, энергетика министрине аталган чечимди кабыл алууда Мамлекет башчысына тийиштүү маалымат бербегендиги үчүн эскертүү берилди", - деп билдирди Алагөзов.

Энергетика министринин башка буйругу менен аталган ишкананын башкы адиси Равшанбек Касымов “Курулуп жаткан электр станциялар” ААК дирекциясынын башкы директорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Буга чейин энергетика министрлиги Игорь Чудинов “Курулуп жаткан электр станциялар” дирекциясынын башкы директору болуп дайындалганын тастыктаган.

Игорь Чудинов 2007-жылдан 2009-жылга чейин премьер-министр болуп иштеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан