Кечээ, 14-майда Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим расмий сапар менен келди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.
Маалымдалгандай, “Манас” эл аралык аэропортунан жогорку даражалуу конокту Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.
Ага ылайык, сапардын алкагында жогорку жана бийик деңгээлдеги жолугушуулар пландаштырылган.
"Жолугушуулардын жүрүшүндө кыргыз-малайзиялык мамилелерди саясий, соода-экономикалык, энергетикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда ар тараптуу өнүктүрүү маселелери талкууланат", - деп айтылат маалыматта.