Жолугушууда эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жана бекемдөө маселелери талкууланган. Анда тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагында эки тараптуу кызматташууну активдештирүү зарылдыгын сүйлөшүшкөн.
Кыргыз тарап Непал менен бир катар тармактарда, анын ичинде туризм, билим берүү, адам ресурстарын алмашуу боюнча кызматташууга кызыкдар экенин билдирген.
Ошондой эле жолугушууда Кыргызстан менен Непалдын Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда консультацияларды өткөрүү, эки өлкөнүн ТИМинин ортосундагы кызматташтык программасына кол коюу, кыргыз-непал эки аралык катнаштарынын актуалдуу багыттары боюнча келишимдердин долбоорлорун макулдашуу маселелери талкууланган.