Бишкектеги бош жумуш орундар жана кесиптер жарманкесинде төрт миңден ашык бош иш орун сунушталат. Бул тууралуу Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынан билдиришти.
Маалымдалгандай, жарманке 16-майда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде өтөт.
“Жарманкеде 40тан ашуун жумуш берүүчү ири компаниялар катышып, жарандарга иш берүүчү менен түз маектешүү аркылуу жумуш табуу мүмкүнчүлүгүн түзөт, ошондой эле Бишкек шаары боюнча 4 миңден ашуун бош жумуш орундары сунушталат”, - деп айтылат маалыматта.