Бүгүн, 15-майдан тартып №227 автобус каттай баштады. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалым болгондой, буга чейин бул каттамда кичи автобус иштеп келген. Эми анын ордуна ушундай номурлуу автобус жүрө баштайт.
Ага ылайык, каттамдын акыркы аялдамалары Ак-Ордо жана Көк-Жар конуштары болот. Бул линияда 20 автобус, тейлөө аралыгы 8-10 мүнөттү түзөт.
"Коомдук транспорттун кыймылын “Менин шаарым” мобилдик тиркемесинде көзөмөлдөй аласыз. Алардын ар бири GPS трекери жана накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн валидаторлор менен жабдылган",-деп айтылат маалыматта.