
Жогорку Кеңештин төрагасы
Нурланбек Шакиев Австрия мамлекетине расмий сапары менен жөнөп кетти. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Расмий сапардын алкагында төрага бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрүп, анда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланары күтүлүп жатат.
Ошондой эле сапарда Шакиевдин Австрияда, Чехияда жана Словакияда жашаган мекендештер менен жолугушуулары каралган.
"Төраганы депутаттар Эльдар Абакиров, Ырысбек Атажанов, Гуля Кожокулова, Шаирбек Ташиев, Миргүл Темирбаева жана парламенттин аппаратынын жетекчиси Алайбек Алымбаев коштоп кетти", - деп айтылат маалыматта.