Биз социалдык тармакта

Экологиялык көйгөйдү чагылдырган "Акыркы аюу" чыгармасы кыргызчаланды

Британиялык жазуучу Ханна Голддун балдарга арналган “Акыркы аюу” китеби кыргызчаланды. Бул жөнүндө "Китепстан" басма үйүнөн билдиришти.

Кабарга ылайык, китепте экология көйгөйлөрү (таштанды, глобалдык жылуулук, жаныбарлардын жок болуу коркунучу) чеберчилик менен берилген.

Чыгармада баш каарман кичинекей кыз Эйприл менен аюунун кыйышпас ынак достугу сүрөттөлгөн. Китеп сүрөттөр менен коштолуп, 11 жаштан жогору балдарга сунушталат.

“Акыркы аюу” чыгармасы “Китепстан” тарабынан кыргызчага которулду. Чыгарманы Насыпбек Асанбаев которгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан