Биз социалдык тармакта

Быйыл өлкө боюнча аз камсыз болгон 23 миң үй-бүлөнүн бизнес ачууга мүмкүнчүлүгү бар

Эмгек министрлигинде 100 миң сом "социалдык контракт" алуу үчүн арыздарды кабыл алуу жана кароо башталды. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.

Маалыматта белгиленгендей, программанын алкагында чакан бизнес ачуу үчүн 100 миң сомду акысыз алууга болот.

“Үстүбүздөгү жылда аталган программага 23 миң үй-бүлө катыша алат. Анын 20 миңи республикалык бюджеттен каржыланат, буга 2 миллиард сом бөлүнгөн. Калган 3 миңи дүйнөлүк банк аркылуу берилет. Социалдык паспорту бар же "үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пул алган жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр каражат ала алышат”, - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, катышууну каалаган үй-бүлө эмгек жана мүлк потенциалына ээ болушу керек, ошондой эле чыныгы бизнес-план түзүшү керек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан