Кечээ, 22-декабрда маршруттук таксинин айдоочусу 75 жаштагы кишини сүзүп алды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин Жол-кайгуул кызматынын басма сөз борбору билдирди.
Маалыматка караганда, Мерседес Бенц 210Д үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 42 жаштагы Нурлан Элебесов жана Щербаков көчөлөрүнүн кесилишинен жөө жүрүүчүнү сүзүп алган. Жабыркаган адам дароо №4-шаардык ооруканага жеткирилген. Учурда автоунаа айып жайга токтотулуп, чогулган материалдар Бишкек ШИИББинин Жол кырсыктарын тергөө бөлүмүнө өткөрүлдү.