Парламентте Бейшеналиевдин ишин иликтөө үчүн түзүлгөн комиссияны жоюу сунушталды

Бүгүн, 15-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кубанычбек Самаков Саламаттыкты сактоо министрлигинин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча түзүлгөн комиссияны жоюп салууну сунуштады.

Эл өкүлү өз сунушун комиссия түзүү демилгесин көтөргөн Жусупбек Коргонбай уулу мандатын тапшырып кеткендиктен комиссия эч кимди сурай албай жатканы менен байланыштырды.

Ал эми депутат Улугбек Ормонов комиссия ишин улантып, маселеге чекит коюшу керектигин айтты.

"Комиссия өзүнүн ишин сөзсүз түрдө улантып, чекит коюшу керек. Жалган болсо жалган деп, чын болсо чындыгын чыгарышы керек. Демилге көтөргөн депутат бул маселе боюнча кеткен жок. Ушул VII чакырылыштагы депутаттык комиссиялардын ишинин жыйынтыгы чыкпаганы эң өкүнүчтүү. Эми болсо түзүлгөн комиссияны жоёбуз дегенге келдик", - деди ал.

Эске салсак, 3-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында мурдагы депутат Жусупбек Коргонбай уулунун демилгеси менен Саламаттыкты сактоо министрлигинин ишмердүүлүгүн иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн болчу. Анда Коргонбай уулу министр Алымкадыр Бейшеналиевди коррупцияга жана мыйзамсыз баюуга айыптап, анын ишин иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуштаган.

Кийин Коргонбай уулу түзүлгөн депутаттык комиссиянын төрагалыгынан баш тартып, комиссиянын курамын кайра карап чыгууну сунуштагандыктан комиссия курамы өзгөргөн болчу.

23-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясы Жусупбек Коргонбай уулунун ыйгарым укуктарын өзү жазган арыздын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтоткон.

Жогорку Кеңеш 15.05.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан