Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Сулайманов Ысык-Көлдөгү скутерлердин ишин иретке салууну сунуштады. Ал бүгүн, 15-майдагы парламенттин жыйынында эс алуучулардын коопсуздугуна көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.
"Пансионанттардагы скутерлердин ишин иретке келтирүү керек болууда. Биринчиден, ал жакта эс алып жаткандардын коопсуздугун ойлоо зарыл. Ошол жактагы скутерди айдагандар адамдарды уруп кеткен учур канча жолу болду. Ал өлүмгө дагы алып келди. Ошондуктан алардын ишин иретке алып келиш керек", - деди эл өкүлү.
Ошондой эле депутат өнүккөн өлкөлөрдү мисалга алып, ал жакта скутерлердин баары бир гана жерде берилерин кошумчалады. Муну менен эл өкүлү мындай практиканы Ысык-Көлдө дагы колдонууну сунуш кылды.
"Андан газ чыгат, сууну кирдетет. Сезон башталар алдында алардын ишин иретке алып келип, яхта-клуб аймагына которуп, пансионаттарда коопсуздукту сактайлы", - деди ал.