Бүгүн, 15-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында "Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда каралды. Документти Замирбек Мамасадыков баштаган 14 депутат демилгелеген.
Мамасадыков белгилегендей, шайлоо алдындагы мезгилде саясий партиялар жана бир мандаттуу шайлоо округдарынан шайланган талапкерлер пайдалана ала турган үгүтчүлөрдүн санын кыскартууга багытталган. Ал долбоордо бир мандаттуу шайлоо округунан талапкер болгондор 100гө чейин, ал эми партиялар 5 миңден ашпаган үгүтчү жалдай алат деп жазылганын билдирип, мындай кадам шайлоодо добуш сатып алууну азайтарын, талапкерди үгүтчүлөр эмес, шайлоочулар шайлай турганын кошумчалады.
Талкуунун жүрүшүндө депутат Арсланбек Малиев ар бир шайлоо округунда 120 миңге чейин шайлоочу бар экенин белгилеп, бир мандаттуу округдардан шайланган талапкерлер тарта турган үгүтчүлөрдүн санын кыскартпоону сунуштады. Эл өкүлү Дастан Жумабеков үгүтчүлөр талапкерлердин шайлоо программасы тууралуу шайлоочулардын маалымдуулугун жогорулатуу боюнча маанилүү иштерди аткарып жатканын кошумчалады.
Ал эми депутат Исхак Масалиев үгүтчүлөрдүн конкреттүү санын белгилебей, алардын санын округдагы шайлоочулардын жыштыгына жараша пайыз менен аныктоону сунуштады.
Жыйынтыгында мыйзам долбооруна 29 эл өкүлү “макул”, 25 депутат “каршы” добуш берип, четке кагылды.
Белгилей кетсек, учурдагы мыйзамдын негизинде бир мандаттуу шайлоо округдарында талапкерлер 500гө чейин, ал эми саясий партиялар 10 миңге чейин үгүтчү менен расмий келишим түзүп иштей алышат.