Садыр Жапаров менен Малайзиянын премьер-министри жолугушту

Бүгүн, 15-майда президент Садыр Жапаров менен Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагимдин сүйлөшүүлөрү болду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Анда өлкө лидерлери эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттарын, келечегин, өз ара кызыкчылык жараткан бардык чөйрөлөрдү өнүктүрүү жана өз ара аракеттенүү боюнча чараларды талкуулашты.

Жапаров Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагимдин бүгүнкү сапары Кыргызстан жана Малайзиянын кызматташуу жана достук тарыхында жаркын из калтырат деген ишенимин билдирди.

"Азыркы учурда эки өлкөбүздүн соода-экономикалык кызматташтыгы баштапкы баскычта турат.

Эгер биз күч-аракетибизди бириктирсек, келечекте жакшы жыйынтыктарга жетебиз деп ишеним артам", - деди өлкө башчысы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан