Биз социалдык тармакта

Энергетика министри энергетиктердин айлыгы 15 пайызга чейин көтөрүлгөнүн билдирди

Кыргызстанда энергетиктердин айлыгы 10-15 пайызга чейин көтөрүлдү. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев "Ала-Тоо 24" телеканалына берген маегинде айтты.

Министрдин айтымында, энергетика кызматкерлеринин эң негизги маселеси айлык маянасы болчу.

"Мен кайда барбайын кызматкерлердин эң көйгөйлүү маселеси айлык маяна болчу. Буюрса, энергетика кызматкерлери май айынын айлыгын мурдагыга салыштырмалуу 10-15 пайызга жогору алышат. Биз муну менен эле токтобойбуз, айлык акы жылдан жылга көтөрүлүп турат", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан