Бишкекте киши тоноого шектелип эки жигит кармалды

Бишкекте адам тоногонго шектелип 24 жана 29 жаштагы жарандар кармалды. Бул тууралуу Биринчи май РИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 6-майда милицияга Р.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арыз ээсинин айтымында, ошол эле күнү саат 3:00 чамасында Месароша жана Ильменский көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адамдар күч колдонуп, анын документтерин, 17 миң сомун жана баасы 97 миң сом турган iPhone 13 Pro үлгүсүндөгү телефонун тартып алышкан.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесине (Тоноо) ылайык кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 2000-жылы туулган О.С. жана 1995-жылы туулган М. А. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилишкен.
Учурда алардын башка ушул сыяктуу кылмыштарды жасоого катыштыгы аныкталууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан