Бүгүн, 15-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында өлкө аймагында болуп жаткан табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар жөнүндө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы угулду.
Бул багытта баяндама жасаган өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев 20-апрелден 12-майга чейин өлкө аймагында 6 өзгөчө кырдаал, 106 өзгөчө окуялар катталганын билдирди. Анын алкагында Ош, Раззаков шаарларында, Лейлек, Сузак, Ноокен, Талас райондорунда өзгөчө кырдаал киргизилген болсо, 1 адам каза болуп, 333 турак жайларга суу кирип, 26 социалдык объект жабыркаган.
Ошондой эле ал алдыңкы күндөрү дагы бир аптадай жаан-чачындуу аба ырайы болорун, өлкөдө сел коркунучу июнь айынын ортосуна чейин сакталарын кошумчалады.