"Евровидение" сынагында Украинадан келген делегация "Азовсталды коргоочуларга эркиндик" деген жазуусу бар футболка кийгени үчүн айыпка жыгылды. Бул тууралуу RT басылмасы жазды.
Ырчы Alyona Alyona "Free Azovstal Defenders" деген жазуулары бар футболкаларды алып кирүү оор болгонун кошумчалаган. Анын айтымында, сынакта кандай жазууларга же бренддерге тыюу салынган, коопсуздук кызматкерлери бардык кийимдерди текшерип, эгер анда жазуу бар болсо, чечип коюуну же кара скотч менен жабуу керектигин айтышкан.
"Биз көп тобокелчиликке бардык, бирок баары ойдогудай болду. Бул үчүн бизге айып сылшты. Биз дүйнөгө согуш туткундары тууралуу билдиргенибизге абдан кубанычтабыз", - деген украин ырчысы.