Ошто коомдук транспорттун ишин жакшыртуу максатында рейддер өткөрүлүүдө   

Ошто коомдук транспорттордун абалы текшерилди. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда Ош мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, коомдук транспорттун ишин жакшыртуу, абалын текшерүү, жол кырсыктарынын алдын алуу максатында Ош мэриясынын кызматкерлери Жол кайгуул кызматкерлери менен биргеликте рейд өткөрүштү.

Ага ылайык, транспорттордун техникалык, санитардык кемчиликтери, айдоочулардын жүргүнчүлөргө болгон тейлөө мамилеси, жол коопсуздугунун эрежелеринин сакталышы текшерилди. Анда айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, аныкталган мыйзам бузуулар боюнча протоколдор түзүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан