"Атасынын атын коюп алышсын". Икрамов ичимдиктерге Манастын атын коюуну "мамлекетти шылдыңдоо" деп атады

"Манас" эпосундагы каармандардын ысымдары менен ичимдиктерди атоого тыюу салуу тууралуу мыйзам долбоорун Экономика министрлиги колдобой жатат. Бул тууралуу бүгүн, 15-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында мыйзам долбоорун демилгелеген депутат Тазабек Икрамов билдирди.

Эл өкүлүнүн айтымында, министрлик мыйзам долбоорунун кийин ишкерлерге кандай пайда-зыян алып келе турганы баяндалган талдоонун корутундусун суроодо.

"Экономика министри Данияр Амангелдиевден "Манас" эпосу тууралуу мыйзамдан министрдин эксперттик корутундусу өйдө турабы?!" деп сурагым келет. Мен мыйзам долбоорунда "Манас", "Семетей", "Сейтек" аталышындагы алкоголдук ичимдиктердин курамын өзгөртүүнү эмес, аттарын өзгөртүүнү сунуштап жатам. Бул брендди пайдаланган ишканалар мага демек өздөрүнүн атасынын атын, же болбосо баласынын атын коюп алышсын. Болгону руханий башатыбыз болгон "Манас" эспосундагы оң каармандардын атын алкоголдук ичимдиктер үчүн колдонбосун", - деди Икрамов.

Ошондой эле ал "Манас" эпосу Кыргызстандын мамлекеттик идеологиясы, руханий-маданий байлыгы болуп саналарын, андагы оң каармандардын аттарын ичимдиктердин аталышында колдонуу "Манас" тууралуу мыйзамга каршы келерин айтып, муну "мамлекетти шылдыңдоо" деп атады.

"Учурда Манас улуттук театры, академиясы ачылып, окуучулар Манастап ураан чакырып, улуттук идеологияга көңүл бурулуп жатканда, чет жерге экспорттолуп жаткан алкоголдук продукциянын айынан биздин Манасыбыз башка элдерге коньяк катары таанылып жатканы өтө өкүнүчтүү. Алардан "Манас ким?" деп сураса, коньяк деп билишет. Бул улутту, мамлекетти шылдыңдоо болуп эсептелет", - деди эл өкүлү.

Эске салсак, Икрамов өлкөдө өндүрүлгөн алкоголдук ичимдиктердин жана чылымдардын аталышына "Манас" эпосунун каармандарынын ысымдарын берүүгө тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгып, былтыр 19-декабрда коомдук талкууга койгон. Анда мыйзам бузган адамдарга 100 миң сом, юридикалык жактарга 1 миллион сом айып салуу сунушталган.

Жогорку Кеңеш 15.05.24.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан