2021-жылдан бери Сирия жана Ирактан 517 кыргызстандык мекенине кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, министрдин биринчи орун басары Жыпариса Рысбекова Борбор Азияда кайтып келгендерди реабилитациялоо жана реинтеграциялоо маселелери боюнча аймактык эксперттик кеңештин Ташкент шаарында өткөн биринчи жыйынына катышып, 517 кыргызстандык мекенге кайтарылгандыгын билдирген.
"Кыргызстанга келгенден кийин жарандар реабилитациялык, теологиялык, педагогикалык иш-чаралардан өтүп, туугандарына өткөрүлүп берилет”, - деп белгиленген маалыматта.