
16-18-май күндөрү аймактарда нөшөрлөгөн жамгыр жаап, сел жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирүү таратты.
Билдирүүдө жазылгандай, бул күндөрү Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Эңкейиш жана төмөн жерлерди суу капташы, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал.
Министрлик арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана дренаждык түйүндөрдү ар кандай таштандылардан тазалоону сунуштайт.