Кыргыз окуучулары биология боюнча Борбор Азия (CABO 2024) олимпиадасында 1 алтын, 3 күмүш жана 6 коло медаль жеңип алышты.
Билим берүү министрлиги билдиргендей, олимпиада 11-12-майда өтүп, ага Борбор Азиядан 78, анын ичинде Кыргызстандан 27 окуучу катышты.
Сыйлык алган окуучулардын тизмеси:
* Алтын медаль – Улукбек Русланбеков, Ч.Айтматов атындагы Бишкек лицейи.
* Күмүш медаль – Нурсултан Увалиев, К.Карасаев атындагы Каракол лицейи;
Байзак Карыпжанов, «Манас ата» Талас лицейи;
Умар Эргешов, Курманбек баатыр атындагы Жалал-Абад лицейи.
* Коло медаль – Өмүрбек Русланбеков, Ч.Айтматов атындагы Бишкек лицейи;
Нурбол Акматалиев, Дастан Исаев жана Ирина Разводовская – Бишкектеги American-European мектеби;
Арсений Виноградов жана Элхан Акимов Жайыл баатыр атындагы жалпы билим берүү лицейи.