Бүгүн, 15-майда Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча атайын өкүлү жана координатору Кари Жонстон менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуу ИИМдин имаратында өтүп, ЕККУ катчылыгынын өлкөлүк визиттердин жетекчисинин жардамчысы Александра Донскова-Хубер, ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча улуттук кеңешчиси Амир Ишматов дагы катышкан.
Анда тараптар өлкөдөгү мамлекеттик органдардын адам сатууга каршы күрөшүү боюнча көрүлүп жаткан чаралары жана аракеттери тууралуу маселелерди талкуулашкан.
Жолугушуунун жүрүшүндө Нурбек Абдиев тыгыз өз ара аракеттенүү, эл аралык жана аймактык мейкиндиктеги кырдаал тууралуу ар дайым кабардар болуу, мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүн жакшыртуу адам сатуунун алдын алууга жана анын терс кесепеттерине жол бербөөгө өбөлгө түзөрүн белгилеген.
"Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар адам сатууга каршы күрөшүү жаатында мындан аркы жемиштүү кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти", - деп айтылат маалыматта.