Бүгүн, 15-майда билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев “SPRIX” эл аралык билим берүү компаниясынын өкүлү Хомма Юсуке менен жолугуп, башталгыч класстын окуучулары үчүн математика жана программалоо боюнча санариптик билим берүү менен тестирлөө кызматтарын колдонуу маселесин талкуулады. Бул туурасында министрлик кабарлады.
Маалым болгондой, Хомма Юсуке 44 өлкөдө жана Япониянын муниципалитеттеринин 10 пайыздан ашыгы билимди баалоо, натыйжаларды талдоо жана натыйжалуу окутууну пландаштыруу үчүн колдонулган TOFAS онлайн тесттери жөнүндө маалымат берди.
“Тараптар Билим берүү жана илим министрлиги менен эл аралык компаниясынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту”, - деп кошумчаланган маалыматта.