
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри
Алтынбек Максутов Малайзиянын туризм, искусство жана маданият министри
Тионг Кинг Синг менен жолугушту.
Министрликтин берген маалыматына ылайык, жолугушуу кечээ, 15-майда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында орун алган.
Министр өз сөзүндө дүйнөлүк аренада жумшак күчтүн кубаттуу куралы катары маданияттын ролун баса белгилеп, эки элдин маданиятынын өзгөчөлүгүнө жана дүйнөлүк маданиятка түс берген салымын айтты. Ошондой эле "дүйнө элинин көңүлүн буруу үчүн маданий баалуулуктарыбызды жана искусствобузду жайылтууда кызматташуубуз керек", - деп белгиледи.
Ал эми Тионг Кинг Синг өз кезегинде кызматташуудагы артыкчылыктуу багыттарды белгилеп, мындай кызматташуу келечекте өз жемишин берет деген ишеничин билдирди.
Жолугушууга ошондой эле Туризм департаментинин директору Максат Усубалиев катышып, Кыргызстан-Малайзиянын мурда түзүлгөн макулдашууларын актуалдаштыруу керектигин айтышты. Мындан тышкары туризм тармагын жандандыруу жана Кыргызстан- Малайзиянын ортосунда түз авиа каттамдарды ачуу боюнча талкууланды.
Жыйынтыгында маданият тармагындагы кызматташуу жөнүндө меморандумдун долбоорун биргеликте иштеп чыгуу тууралуу макулдашылды.