Кыргыз-кытай чек арасында жаңы “Бедел” өткөрүү пункту ачылат

Кыргыз-кытай чек арасында жаңы “Бедел” өткөрмө пунктун ачууга байланыштуу мекемелер аралык жыйын болуп өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.

Маалым болгондой, жумушчу топ тарабынан "Бедел" өткөрмө пунктунун, чек ара жана бажы көзөмөл объектилеринин жайгаша турган жерлери изилденди. Мындан тышкары Барскоон – Үчтурфан – Аксу унаа жолунун маршруту жана тиешелүү инфраструктураны куруу маселелери талкууланды.

Ага ылайык, Ысык-Көл облусу менен Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун чек арасындагы жаңы унаа жолу жана "Бедел" өткөрмө пункту эки өлкөнүн ортосундагы байланышты күчөтөт.

Ошондой эле Кытайдан Борбор Азия чөлкөмүнө жана башка өлкөлөргө жүк ташуулардын көбөйүшүнө кошумча мүмкүнчүлүк жаратат.

"Көчмө жыйындын соңунда талкууланган маселелердин алкагында тийиштүү мамлекеттик органдарга тапшырмалар берилип, бир катар чечимдер кабыл алынды", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан