Биз социалдык тармакта

Канадада кар аралашкан жамгырдан улам 400 миң адам электр жарыгысыз калды

Канаданын чыгыш тарабында жааган кар аралаш жамгырдан улам 400 миңден ашуун жашоочулар электр жарыгысыз калган. Бул тууралуу 22-декабрда чет элдик басылмалар жазып чыгышты. 

Маалыматка ылайык, электр линияларынын үзүлгөнүнө байланыштуу Онтарио, Квебек жана Нью-Брунсвик провинцияларынын жашоочулары жарыксыз калган. Муз тоңуулардын айынан унаа жолдору жабылып, авиакаттамдары токтотулган. 

Торонто шаарынын бийлиги аба ырайынын бузулушунан келип чыккан кырсыкты 1998-жылы адам өмүрүн алып кеткен муз тоңуу менен салыштырууда. Анда 3 миллиондон ашык тургундар жарыксыз калып, 20 адам каза болгон.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asus84
2013-12-23 12:35:07
мына сага жаратылыш кубулушу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан