Президенттин Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Нурлан Айтмурзаев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгон.
Өлкө башчы кол койгон жарлыкка ылайык, Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү болуп Динара Кемелова дайындалды.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда 2023-2027-жылдар тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы деп жарыяланган. Буга байланыштуу аталган комитет 2023-жылы түзүлгөн.