Жалал-Абад шаарындагы "Курманбек" стадионунда Жалал-Абаддын "Мурас Юнайтед" командасы Бишкектин "Илбирс" командасы менен беттеш өткөрүп, жыйынтыгында 3:1 эсебинде жеңишке жетти. Бул тууралуу Жалал-Абад мэриясынан билдиришти.
Белгилей кетсек, аталган стадион толугу менен жаңыланып, кечээ, 15-майда пайдаланууга берилди. Ага байланыштуу алгачкы футболдук беттеш өткөрүлдү.
Футболдук беттешке УКМКнын төрагасы, Кыргыз футбол федерациясынын президенти Камчыбек Ташиев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков жана миңдеген футбол күйөрмандары келди.