Малайзия Кыргызстан менен банк тармагында кызматташууга кызыкдар

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөгө расмий сапар менен келген Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим менен жолукту. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан билдирди.

Маалымдалгандай, жолугушуу кечээ, 15-майда орун алып, анда эки өлкөнүн ортосундагы көптөгөн тармактарда кызматташуунун олуттуу потенциалдары белгиленген.

Өз кезегинде Анвар Ибрагим оперативдүү банк ачууга жана банк тармагында кызматташууга кызыкдар экендигин билдирген. Ошондой эле аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн студенттеринин жогорку окуу жайларында билим алуу каражатын төмөндөтүү мүмкүнчүлүгүн карап жаткандыгын кошумчалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан