14-майда Францияда 77-Канн эл аралык кинофестивалы башталды. Аталган фестиваль 25-майга чейин уланат.
Квентин Дюпье фестивалды Леа Сейду, Винсент Линдон жана Луи Гаррель ойногон "Экинчи акт" аталышындагы жаңы кинотасмасы менен ачты. Жогорку стилде кийинген башкы актёрлор көптөгөн сүрөтчүлөрдүн жана ЖМК өкүлдөрүнүн көңүлүн бурушту.
Калыстар тобун америкалык режиссёр жана актриса Грета Гервиг («Таттуу Фрэнсис», «Барби») жетектейт. Грета Гервиг менен бирге Ева Грин, Омар Си, Пьерфранческо Фавино, Лили Гладстоун, ошондой эле режиссёрлор Хироказу Коре-эда жана Хуан Антонио Байона калыстык кылат.
Ачылыш аземинде салт боюнча киного кошкон салымы үчүн ардактуу “Алтын пальма бутагы” ыйгарылды. Француз актрисасы Жульетта Бинош аны америкалык актриса, "Оскардын" үч жолку ээси Мерил Стрипке тапшырды.
Канн кинофестивалындагы атактуулардын кийип келген кийимдери ар дайым мода тарыхындагы эң мыктылардын бири болуп калат. Анда атактуу кыздар өздөрү катышкан чыгарманы сыймыктануу менен тартуулап, өзүн көрсөтүү үчүн люкс көйнөктөрдү жана костюмдарды тандашат.
Мерил Стрип
Тейлор Хилл
Хайди Клум
Леа Сейду
Ева Грин
Саша Лусс
Цянь Хуэй
Фредерик Бель
Ирис Миттенар
Ал эми фестивалдын дагы бир коногу дизайнер Илона Мацур өзүнүн образы менен таң калтырды. Ал юбкасына Чарли Чаплиндин портретин, тагыраак айтканда, анын "Иттин жашоосу" кыска метраждуу тасмасындагы көрүнүштү түшүргөн.
Канаттуулардын образын жараткан көйнөктү Роми Стрийд, Синта Лаура жана Тун Лия кийип чыгышты.
Белгилей кетсек, фестивалдын негизги сынагына жалпы 22 тасма кирди. Алардын ичинен Кирилл Серебренников, Фрэнсис Форд Коппола, Йоргос Лантимос, Пол Шрейдер, Дэвид Кроненберг жана башкалардын жаңы чыгармалары кирген. Мындан тышкары иш-чаранын программасында көз карандысыз америкалык режиссёр Шон Бейкердин Юра Борисов жана Марк Эйдельштейн катышкан "Анора" тасмасы көрсөтүлөт.