Биз социалдык тармакта

Бишкекте “ONE RUN-2024” эл аралык жарым марафону өтөт

Бишкек шаарында 19-майда Т. Усубалиев атындагы аянтта “ONE RUN-2024” эл аралык жарым марафону өтөт. Бул тууралуу мэриянын маалыматында жазылат.

Ага ылайык, марафонго 2000ге жакын адам катышат. Алар 21,1 чакырым, 10 чакырым, 5 чакырым аралыктарга чуркашат. Ошондой эле балдар жарышы 1 чакырым аралыкта болот.

Жарым марафон бир убакта Египет, Бразилия, Камерун, Катар, Кытай, Бахрейн, БАЭ, Сербия, Түркия, Орусиянын 89 аймагында, Беларусь, Тажикстан, Кытай, Өзбекстан жана башка өлкөлөрдө пландаштырылган.

Иш-чаранын уюштуруучулары – Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти, “Run the Silk Road” эл аралык марафонунун дирекциясы, Жеңил атлетика федерациясы жана "Баатырлар лигасы" спорттук массалык иш-чаралардын уюштуруучусу.

Спорттук иш-чаранын максаты - мүмкүн болушунча көбүрөөк адамдарды активдүү жана сергек жашоого тартуу, калк арасында спортту жайылтуу болуп саналат.

Жарым марафондо саат 6:30дан 10:00гө чейин схема боюнча унаа кыймылына чектөө киргизилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан