Бүгүн, 16-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов өлкөдө Пакистан менен Бангладештен келген жарандар көбөйүп жатканын айтып, ал жактан канча эмгек мигранты келгенине, алардан бюджетке канча салык түшүп жатканына кызыкты.
"Буларга иштөө уруксат кагаздары кандай болуп жатат? Бюджетке салык түшүп жатабы? Бүгүнкү күнү канча эмгек мигранттары келди? Ушу боюнча так маалымат берип койсоңуздар", - деди ал.
Ошондой эле Икрамов аталган өлкөлөрдөн келген мигранттар катышкан жол кырсыктары көбөйүп жатканын белгиледи.
"Пакистан, Бангладештен келген жарандардын айынан жол кырсыгы көбөйүп жатат. Буларга айдоочулук күбөлүктү, уруксатты ким берди? Булар биздин жол эрежелерибиз боюнча экзамен тапшырдыбы? Муну көзөмөлгө алышыбыз керек", - деди эл өкүлү.