“Аялдар жолдон көз жарып жатышат”. Депутат Садырбаева Жайыл районундагы төрөт үйүнүн ачылышын тездетүү керектигин айтты

Бүгүн, 16-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жылдыз Садырбаева апрелдин башында жабылган Жайыл райондук ооруканасынын төрөт бөлүмү ачылбай, төрөткө келген аялдар кыйналып жаткандыгы боюнча маселени көтөрдү.

Эл өкүлү дарыгерлер төрөт бөлүмүнүн ачылышын тездетүүнү суранып жатышкандыгына токтолуп, жумуштан өз арызы менен кеткен кызматкерлер да жумушка кайта тургандыгын айтты.

“6-майда төрөт бөлүмү ачылат дешкен. Бирок ушул күнгө чейин ишке бериле элек. Элеттин эли бир нече жумадан бери кыйналып, аялдар жолдон эле көз жарып жатышат. Оңдоп-түзөө иштери бүткөн, ачылбай туруптур дале. Дарыгерлер жазуу түрүндө кайрылып жатышат. Ачылышын тездетүү боюнча тапшырмалар берилиши керек”, - деди ал.

Белгилей кетсек, 10-апрелден тарта Жайыл райондук ооруканасынын төрөт бөлүмү ишин токтоткон. Анын себеби - Саламаттыкты сактоо министрлигинин төрөт бөлүмүн оңдоо иштерине жабуу боюнча буйругу болуп саналган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан